БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар тынчтык бербей жатат, аларга "чет элдик агент" деген макам бериш керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова билдирди.
Ал V чакырылышта депутат болуп турганда Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Маталиев менен биргеликте бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгып, экинчи окуудан өткөргөндөн кийин мөөнөтү бүтүп кетип калганын белгиледи.
"Мыйзамды VI чакырылышта өткөрбөй коюшкан. Себеби бейөкмөт уюмдардын 20дан ашуун өкүлү депутат болуп калган экен. Ал эми Бактыбек Райымкулов деген депутат демилгелеп, жок дегенде ачык-айкындык болсун деп каржы булагын көзөмөлдөө мыйзамын кабыл алышкан. Тилекке каршы, өзүңүздөр көрүп жатасыздар, бейөкмөт уюмдар мамлекет ичинде түрдүү багытта чуру-чуу салып келет. Урматтуу төрага, ошол V чакырылыштагы мыйзамды көтөрүп чыкканга тапшырма берсеңиз. Бейөкмөт уюмдарга "чет өлкөлүк агент" деген макам бербесе тынчтык бербейт экен. Сырттан каржыланган саналуу бейөкмөт уюмдар бийлик бутактарына дагы тынчтык бербей, мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жатышат", — деди Нарматова.
Ошондой эле ал бул багытта Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Маталиев башында турган улан-кыздар биригип маалымат жыйын, митингдерди уюштуруп жатканын белгиледи. Алар депутатка дагы кайрылып жатышканын айтты.