Жапаров АЭС боюнча оюн айтып, энергетикалык кризистен чыгуу жолун сунуштады

Улуттук форумдун негизги максаты – кичи ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын куруу боюнча инвестициялык долбоорлорго түрткү берүү.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. 2-3 жыл аралыгында жүздөгөн кичи ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын ишке берүү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Өкмөттүн маалыматына караганда, Жапаров "Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана аны чечүү жолдору" улуттук форумуна катышууда.
Жапаровдун айтымында, учурда өлкө энергетиканы туруктуу өнүктүрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болууда. Буга катар энергетикалык жабдуулардын техникалык жактан эскириши, суунун аздыгы көйгөй жаратууда.
"Атомдук электр станцияларга салыштырмалуу энергиянын кайра калыбына келүүчү булактарын өнүктүрүү айлана-чөйрөгө азыраак зыян келтирет. Парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтат, абаны жана мөңгүлөрдү булгабайт, айлана-чөйрө үчүн узак мөөнөттүү кесепеттерди жаратпайт. Ошондой эле соода жана төлөм балансын жакшыртат, анткени сырттан көмүр жана газ импорттоо төмөндөйт", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле улуттук форумдун негизги максаты – кичи ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын куруу боюнча инвестициялык долбоорлорго түрткү берүү экенин белгиледи.
Пресс-борбор
Россиянын элчиси Кыргызстанда АЭС куруу маселеси боюнча комментарий берди