Автону техникалык кароо мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушталууда

Мыйзам долбоорунда айтылгандарга караганда, бийлик милдеттүү техникалык кароону кайтарууну көздөгөн жок. Анткени документтин бул бөлүгү өзгөрүүсүз калтырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. ИИМ автоунааларды техникалык кароо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.
"Техникалык кароо жүргүзгөн диагностикалык борборлордун ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу боюнча пункт киргизилүүдө. Мында ыйгарым укуктуу орган жолдо жүрүү коопсуздугун камсыздоо үчүн аталган борборлорду көзөмөлдөй турганы айтылат. Диагностикалык жайларды текшерүү тартиби министрлер кабинети тарабынан аныкталат", — деп жазылат билдирүүдө.
Мыйзам долбоорунда айтылгандарга караганда, бийлик милдеттүү техникалык кароону кайтарууну көздөгөн жок. Анткени документтин бул бөлүгү өзгөрүүсүз калтырылган.
Учурда техникалык кароодон жылына эки жолу жүргүнчү ташыган автоунаалар (такси) өтүшү керек. Бул топко тез жардам, өрт өчүрүү, жүк ташуу сыяктуу бир катар кызматтарга караган автоунаалар кирет.
Калган автомобилдер техникалык кароодон өз ыктыяры менен өтөт.
Автомектептерде окугандарга видеокөзөмөл жүргүзүлөт. ИИМдин сунушу
Автоунаанын аккумуляторун канча жылда бир алмаштыруу керек? Адистин кеңеши