БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 108 ардагери калды.
Өткөн жылдын 9-майында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Артем Новиков өзүнүн соцтармактагы баракчасына 146 ардагер бар экенин жазган.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдары фронтко 365 миң кыргызстандык жөнөтүлгөн. Алардын дээрлик 115 миңи үйүнө кайтып келген эмес. 73 адам Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган.
Бүгүнкү күндө согуштун ардагерлери ай сайын 17 миң сом алышат, буга президенттин стипендиясы менен кошумча төлөмдөр кирет.