Кемин прокуратурасынын кызматкерлери үчүн үй салынды. Сүрөт

Эки кабаттан турган беш батирлүү кызматтык үйдүн курулушу 2021-жылдын 14-июнунда башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кемин райондук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн кызматтык үй курулуп бүтүп, эксплуатацияга берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
1 / 3

Кемин райондук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн кызматтык үй курулуп бүтүп, эксплуатацияга берилди

2 / 3

Бүгүн, 10-февралда, башкы прокурордун биринчи орун басары Абай Молдокматовдун катышуусунда кызыл тасма кесилди

3 / 3

Иш-чарага облустук прокуратура органдарынын жетекчилиги жана өздүк курамы, прокуратура органдарынын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 10-февралда, башкы прокурордун биринчи орун басары Абай Молдокматовдун катышуусунда кызыл тасма кесилди.
Иш-чарага облустук прокуратура органдарынын жетекчилиги жана өздүк курамы, прокуратура органдарынын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Эки кабаттан турган беш батирлүү кызматтык үйдүн курулушу 2021-жылдын 14-июнунда башталып, жети айлык мөөнөттө бүткөрүлдү.
Ташиев Чолпон-Атадагы УКМК өкүлдөрүнө кызматтык үй тапшырды. Сүрөт