Бишкекте инспекторду сүзүп, из жашырып кетти деген айдоочу кармалды

Жакында эле Чыңгыз Айтматов проспектинде инспекторду унаа сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден кетип калган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Бишкекте инспекторду коюп кетти деген айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын патрулдук кызмат башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу кабарлады.
Белгилүү болгондой, шектүү айдоочу "Коопсуз шаардын" камераларынын жардамы менен табылган. Ал Toyota Vitz үлгүсүндөгү автоунаанын 30 жаштагы айдоочусу болуп чыкты.
Эске салсак, кечээ Чыңгыз Айтматов проспектинде инспекторду унаа сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден из жашырып кеткен. Ал эми милиционер жаракат алып, ооруканага жаткырылган.
Белгилүү болгондой, шектүү айдоочу "Коопсуз шаардын" камераларынын жардамы менен табылган. Ал Toyota Vitz үлгүсүндөгү автоунаанын 30 жаштагы айдоочусу болуп чыкты. Колго түшүрүлгөн адам ишти териштирүү үчүн ШИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.
Кайсы эрежени бузган айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылат? ИИМдин сунушу
Бишкекте бүгүн поезд алдында калган аял каза болду