Германияда 70 метрлик көпүрө жардырылды. Видео

Иштен чыгып эскирип калган көпүрө жанындагы конструкцияга зыян келтирбестен бузулган.
Sputnik
Германияда Вильнсдорф коммунасынан анча алыс эмес жерде 70 метрлик көпүрө жардырылганын National Geographic жазды. Көпүрөнүн эки миңдей тешилген жерине 120 килограмм жардыргыч коюлган.
Көпүрө 1967-жылы бетондон курулганы болжолдонгон. Анын түркүктөрү жарактан чыгып, айдоочуларга кооптуулук жараткандыктан түрттүрүп салууну чечишкен.
Жаңы көпүрө акырындан курула баштады, аны 2024-жылы бүткөрүү пландалган. Техниктер эски көпүрөнү жанында жаңы салынып жаткан көпүрөгө зыян тийгизбегидей кылып жардырышкан. Бирок адистер конструкциянын курулушун кайра карап чыкмакчы.
Тема боюнча:
Адамды апкаарыткан айнек көпүрө: Кытайдагы башкача кооздуктун видеосу
Тарыхый окуя. Москвадагы метродо дароо 10 станция ачылды