Бишкекте гумжардам алууну каалагандар кайда кайрылса болот? Телефондор

Гумжардам Бишкектеги 22 пунктуда 4-февралдан тарта бериле баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Мэриянын маалымат кызматы Бишкекте гуманитардык жардам таратылып жатканын айтып, аны алууну каалагандарга телефон номерлерди жарыялады.
Билдирмеге караганда, калктын аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында министрлер кабинетинин төрагасы мэрияга Мамлекеттик материалдык резерв фонду менен ӨКМ бөлгөн гумжардамды таратуу тапшырмасын берген.

"Гумжардам Бишкектеги 22 пунктуда 4-февралдан тарта бериле баштаган. Анын ичинен алтоо Ленин районунда, бешөө Свердлов районунда, бешөө Биринчи май району, ал эми алтоо Октябрь районунда жайгашкан", — деп айтылат маалыматта.

Гумжардам алууну каалагандар үчүн жооптуу кызматкерлердин телефондору:
Октябрь району — 51 02 01, 57 74 30;
Свердлов району — 53 05 06, 36 01 14, 36 03 35;
Биринчи май району — 67 03 81;
Ленин району — 65 37 46, 65 38 92, 65 37 46.
Кыргызстанда 37 миң киши жеңилдик менен компенсация алат. Категориялар