Чек ара чырынан көз жумгандардын жакындарына канча акча берилгени айтылды

1-январга карата акчалай компенсация 137 жаранга берилген. Анын ичинен көз жумган 31 адамдын үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. 28-30-апрелде Баткендеги чек ара чырынан каза болуп, жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жалпы 37,5 миллион сомдон ашык каражат төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, ведомство бир жолу төлөгөн компенсациянын көлөмү:
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө — бир миллион сомдон;
Ал эми жабыркагандарга — 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин;
1-январга карата акчалай компенсация 137 жаранга берилген. Анын жалпы суммасы 37 миллион 536,75 миң сом. Анын ичинен:
каза болгондордун үй-бүлөсүнө (31 адам) — 31 миллион 155 миң сом;
жабыркагандарга (106 адам) — 6 миллион 381,75 миң сом берилген.
Эске салсак, 2021-жылы апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болуп, Тажикстан менен чектеш Максат айылынын тургундарынын үйлөрү, унаалары талкаланып, өрттөлүп, тонолгон. Анда кыргызстандык 36 адам каза болуп, 100дөн ашуун адам жаракат алган.
Пресс-борбор
Элчи: Россия Баткендеги объектилерди калыбына келтирүүгө 1,5 млн. доллар которду