Радио

Кыдыкбаева: өлкөдө балдардын тиш дарыгери жетишпейт

Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун стоматология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Нуржан Кыдыкбаева балдардын тиш оорусунун көбөйгөн себебин айтты.
Sputnik
Мектептерде медициналык-профилактикалык программалардын жоктугу балдардын тиш ооруларынын көбөйүшүнө алып келди. Бул тууралуу Нуржан Кыдыкбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ата-энелер балдардын ден соолугун чыңдоодо жоопкерчилик менен мамиле жасабай жатат.
"Өлкөдө өспүрүмдөр арасындагы тиш ооруларынын көбөйүшү балдардын тиш дарыгеринин санынын аздыгынан келип чыгууда. Тиш ооруларынын көбөйүшүнө мектептерде медициналык-профилактикалык программалардын жоктугу да себеп болуп жатат. Буга ата-энелер да жоопкерчилик менен мамиле кылып, убагында дарыгерге алып барып, ооруну алдын алуу процедурасынан өткөрүп туруусу абзел. Бала бакча, мектептерде атайын гигиенисттер иш алып барса, балдардын тишти сактоо боюнча туура маалыматы болор эле"— деди Кыдыкбаева.
Ошондой эле адис Кыргызстанда стоматолог-гигиенист адистигине муктаждык жогору экендигин кошумчалады.