Акылбеков Русланбек Акылбекович — өмүр баяны

Русланбек Акылбеков 1975-жылы 7-октябрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.
Sputnik
Эмгек жолу:
1995-1996 — "Жердик Компани" ЖЧКсында юрист;
1996-1997 ― Бишкек шаарынын Октябрь жана Ленин райондук прокуратурасында тергөөчүнүн жардамчысы;
1997-2002 ― Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасында депутаттын жардамчысы, консультант;
1997-2000 ― Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетинде окутуучу;
1997-1998 ― Айлана-чөйрөнү коргоо жана экология министрлигинде министрдин кеңешчиси;
2002-2003 ― Президенттин иш башкармалыгына караган "Соода үйү" ишканасында директордун орун басары;
2002-2004 ― LECT юридика жана каржы компаниясында башкы директор;
2004-2005 ― F&F юридика жана каржы компаниясынын президенти;
2005-2006 ― Президентке караштуу банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуризациялаштыруу боюнча агенттикте директордун кеңешчиси;
2006-2008 ― Дүйнөлүк банк жана Германия өкмөтүнүн өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган "Электр менен жабдуу системаларын жана борбордук жылытууну реабилитациялоо" долбоорунун директору;
2006-2008 ― "Түндүк электр" ишканасынын башкы директорунун орун басары, башкаруучулуктун мүчөсү;
2008-2009 ― Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын орун басары;
2010-2012 ― Бишкектин Биринчи май районунда акимдин орун басары;
2012-2020 ― "Флагман и Фаворит" юридика жана каржы компаниясында башкы директор;
2021-жылдын февраль-сентябрь айларында Бишкек шаарынын вице-мэри.
Русланбек Акылбеков 2021-жылдын ноябрында №27 Биринчи май шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан.
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.