Жумагазиева Нуржан Курманбековна — өмүр баяны

Нуржан Жумагазиева 1968-жылы 25-январда Нарын облусунун Кочкор айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, 2010-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган.
Sputnik
Эмгек жолу:
1996 ― Ысык-Көл облустук "Маяк" гезитинде кабарчы;
1997-1999 ― Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин мезгилдүү басма сөз кафедрасында лаборант, журналистика факультетинде мугалим;
1999-2009 ― Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мезгилдүү басма сөз кафедрасында улук окутуучу;
2011-2013 ― Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мезгилдүү басма сөз кафедрасынын доценти.
Нуржан Жумагазиева учурда КУУнун журналистика факультетинин профессору, мезгилдүү басма сөз кафедрасынын башчысы. 40тан ашык илимий макалалардын, бир нече китептердин жана окуу куралдардын автору, билим берүүнүн отличниги.