Автонун терезесин караңгылатуу. ЖК мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Буга чейин терезелерди караңгылатуу акысын 30-50 миң сомдун тегерегинде кылуу пландалып жатканы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеш автоунаанын терезесин акы төлөө жолу менен караңгылатууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырды. 77 депутат "макул" деп добуш берсе, алтоо каршы чыкты.
Мыйзам долбоору парламенттин дагы эки окуусунан өтүшү керек.
Буга чейин автоунаалардын терезелерин караңгылатуу акысын 30-50 миң сомдун тегерегинде кылуу пландалып жатканын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирген.
Депутаттарга дагы бир жардамчы берилет. Жогорку Кеңештин структурасы бекиди