Саадабаев Бакыт Муратбекович — өмүр баяны

Бакыт Саадабаев 1984-жылы 15-сентябрда Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 2005-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. 2008-жылы Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөн.
Sputnik
Эмгек жолу:
2005-2014 ― Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын алдындагы Мамлекеттик курулуш департаментинде адис, юрист, директордун орун басары;
2014-2016 ― Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын алдындагы протоколдук иш-чаралар бөлүмүнүн башчысы;
2016-жылдын март, апрель айларында №1 мамлекеттик резиденциянын директору;
2016-жылдын декабрь айынан тарта адвокат;
2019-жылдын июнь айынан бери "Хайдаркан сымап" акционердик коомунда директорлор кеңешинин мүчөсү.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Запастагы кенже лейтенант.