Пресс-борбор

Россиянын элчиси Кыргызстанда АЭС куруу маселеси боюнча комментарий берди

Буга чейин Россиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы менен Кыргызстандын Энергетика министрлигинин ортосунда КР аймагында төмөн кубаттуулуктагы атомдук станция куруудагы кызматташуу боюнча меморандум кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Кыргызстандын аймагында атомдук электр станциясын куруу маселеси боюнча комментарий берди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда өткөн маалымат конференциясына катышты.
Иш-чара Россиянын дипломатиялык кызматкерлеринин күнүнө арналган.
Журналисттер "элчилик Кыргызстанда АЭСтин ачылышына кол кабыш кылабы?" деген суроо узатышты.
"Эгер ушундай чечим кабыл алына турган болсо, анда элчилик ар тараптуу колдоо көрсөтөт. Бирок бул маселе эки тараптын макулдашуусуна жараша ишке ашат. АЭС куруу темасына каршы чыккандар да, колдогондор да бар. Кандай болгон күндө дагы кичи АЭСти куруу же курбоо маселесин Кыргызстан чечет. Электр энергия көйгөйүн чечүүдө мунун жакшы жактары бар. Ал эми каршы туруп жаткандар терс жактарын санап бериши мүмкүн. Бул бир күндө эле чечилип калчу маселе эмес, предметтик дыкат даярдыкты талап кылат", — деди Удовиченко.
Эске салсак, Россиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы менен Кыргызстандын Энергетика министрлигинин ортосунда КР аймагында төмөн кубаттуулуктагы атомдук станция куруудагы кызматташуу боюнча меморандум кабыл алынган.
Министрликтен белгилешкендей, АЭС куруу же курбоо чечими узак мөөнөттүү процесстен кийин гана кабыл алынат.
Борбор Азияда Кыргызстандан башка дагы эки өлкө АЭС курат. Карта
Пресс-борбор
Эриш-аркак жылындагы иш-чаралардын тагдыры эмне болот? Элчинин жообу