Токтакунов Нурбек Акбарович— өмүр баяны

Нурбек Токтакунов 1970-жылы 6-майда Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.
Sputnik
Эмгек жолу:
1991-1992 ― Бишкек шаарынын Ленин РИИБинде техник-криминалист;
1992-1993 ― №27392 аскер бөлүктө аскер кызматкери;
1993-1996 ― жеке ишкер;
1996-2000 ― Аламүдүн РИИБде тергөөчү;
2001-жылдан бери адвокат;
2021-жылдагы №27 Биринчи май округунан талапкер катары парламенттик шайлоого катышкан.