Радио

Алимбеков: мектеп балдарды турмушка даярдай албай жатат

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Акматали Алимбеков мектеп балдарды турмушка даярдай албай жаткандыгын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда мугалимдерди даярдоонун ырааттуу системасы жок. Натыйжада мугалим жөн гана маалымат берүүчү гана ролду аткарып калды. Бул тууралуу Акматали Алимбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, билим берүү системасын жакшыртууда алгач мугалимдин ишине көңүл буруу керек.
"Мектеп — коомду жарата турчу, адамды өнүктүрө турчу жер. Ал эми мугалим — мектептин кыймылдаткыч күчү. Тилекке каршы, бизде мугалимдерди даярдоонун ырааттуу системасы жок. Натыйжада мугалим жөн гана маалымат берүүчү гана ролду аткарып калды. Маалымат адамды өстүрүүнүн бир гана көрсөткүчү. Технологиялардын өсүп турган мезгилинде окуучу мектепке барбай эле керектүү маалыматка ээ боло алат. Мектеп балдарды турмушка даярдай албай жатат. Албетте, үлгү боло алчу мектептер арбын. Бирок жалпылап алганда алардын таасири жетиштүү эмес", — деди Алимбеков.
Ошондой эле профессор билим берүүдөгү көйгөйлөр жеке гана Кыргызстанда гана эмес, өнүккөн өлкөлөрдө да абдан көп экендигин кошумчалады.