Министрлик эфирдеги мамлекеттик тилдин үлүшүн этап-этабы менен көтөрүүнү сунуштайт. Бул тууралуу Руслан Закиров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда көпчүлүк телеканалдардын эфиринде кыргыз тилдин үлүшү 50 пайызга да жетпей калууда.
"Учурдагы "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамда телекөрсөтүү жана радио уктуруулардын 50 пайызы кыргыз тилинде болушу шарт. Аны аткарбагандарга 45 күн аралыгында кемчиликти жоюуга эскертүү берилет. Эгер телеканал же радио жетишпей жатканын билдирип кайрылса, 15 күн кошулат. Мындан кийин жеке тараптарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 000 сом айып салынат. Абал дагы деле жакшырбаса теле же радионун иши убактылуу токтотулат. Өткөн жылы декабрда беш телеканалдын иши токтотулду, бири өзү кайрылды. Эгерде мындан дагы натыйжа чыкпаса, берилген лицензия сот аркылуу кайтарылып алынат. Телеканалдардын ишмердүүлүгүнө 2018-жылдан бери мониторинг жүргүзүлүп келүүдө. Алардын жыйынтыгы боюнча көпчүлүк телеканалдардын эфиринде мамлекеттик тилдин үлүшү 50 пайызга жетпей калууда. Анткени өлкөдө жарнама рыногу чакан. Каражаттын тартыштыгынан улам көпчүлүк телеканалдардын контент даярдаганга мүмкүнчүлүгү жетишпейт. Эфирди толтуруу үчүн алар чет элдик тасмаларды көрсөтүшүүдө. Мамлекет тарабынан каржыланган телеканалдардын эфиринде кыргыз тилдин үлүшү 60-70 пайызга араң-араң жетет. Ал эми жеке теле жана радиолор үчүн бул оорчулук жаратууда. Ошондуктан демилгеленип жаткан "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам долбоорунун ЖМКларга тийиштүү бөлүгүн кеңири талкуулоо зарыл. Министрлик эфирдеги мамлекеттик тилдин үлүшүн этап-этабы менен көтөрүүнү сунуштайт. Антпесе телеканалдардын мыйзамды аткара албай калышы ыктымал", — деди Закиров.
Ошондой эле ал эфирдеги мамлекеттик тилдин үлүшү жогоруласа, көрсөтүү жана уктуруулардын сапаты начарлай турганын кошумчалады.