Пресс-борбор

РФ элчиси: Россия чек ара маселесин чечүүдө тажрыйба алмашууга даяр

Россиянын элчисинин айтымында, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо — дүйнөлүк саясаттагы эң татаал маселелердин бири.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Россия союздук мамилелерге таянып, тараптардын макулдугу менен чек ара маселелерин чечүү боюнча тажрыйба алмашууга даяр. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди.
Элчи Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда өткөн маалымат конференциясына катышты. Иш-чара Россиянын дипломатиялык кызматкерлеринин күнүнө арналган.
Журналисттер элчиден "Россия Федерациясында, мисалы, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара чырын чечүү боюнча механизмдери барбы?" деп сурашкан.
Удовиченконун айтымында, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо дүйнөлүк саясаттагы эң татаал маселелердин бири.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко
"Россиянын бул жаатта тажрыйбасы бар. Союздук мамилелерге таянуу менен биз аларга картографиялык материалдар менен бөлүшүп, эксперттик жактан колдоого дайым даярбыз. Тараптардын макулдугу менен Россия Федерациясы зарыл жардамдарды берет", — деди Удовиченко.
Элчи Россия Баткен районундагы чек ара жаңжалында жабыркаган объектилерди калыбына келтирүүгө декабрда 1,5 миллион доллар которгонун да айткан.
Пресс-борбор
Эриш-аркак жылындагы иш-чаралардын тагдыры эмне болот? Элчинин жообу
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара делегациялары 6 күн иштейт