Башкы прокурор Kaktus.media сайтына козголгон кылмыш иши боюнча оюн айтты

Буга чейин көзөмөл органы басылмага каршы "Согушту пропагандалоо" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Башкы прокурор Курманкул Зулушев Kaktus.media сайтына козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берди.
Буга чейин көзөмөл органы басылмага каршы "Согушту пропагандалоо" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
"Бишкек прокуратурасы тергөө жүргүзүп жатат. Экспертиза белгиленген, бирок жыйынтык чыга элек. Алар жазган макалада кыргыз тарап биринчи ок чыгарган деп жазылган. Эки өлкөнүн ортосунда чек арага байланыштуу олуттуу көйгөй бар экенин билесиздер. Мындай маселеде журналист, жөнөкөй жаран же мамлекеттик кызматкер экенине карабай мыйзам алдында жооп бериши керек. Мен журналисттин аракетине баа берүүнү сөз эркиндигине кысым деп эсептебейм. Кысым кылалы деген ой жок, Биринчи май райондук соту өз милдетин аткарып, кылмыш ишин козгоду. Эгер экспертиза кылмыш болгон десе, күнөөлүү тарап жоопко тартылат, кылмыш жок болсо иш кыскартылат", — деди Зулушев.
Эске салсак, 27-январда Kaktus.media сайтына ASIA-Plus тажик басылмасынан Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал боюнча алынган маалымат жарыяланган. Тагыраагы, анда Кыргызстан биринчи болуп ок чыгарып, Тажикстанды көкүттү деген маанайда жазылган.
Буга нааразы болгон бир катар жарандар 28-январда Kaktus.media редакциясынын жабылышын талап кылып Бишкек шаарында митингге чыккан. Кырдаал боюнча аталган ресурс өзүнүн түшүндүрмөсүн берип, окурмандардан кечирим сураган билдирүү тараткан.
Садыр Жапаров журналист Болот Темировдун кармалышы тууралуу үн катты