БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Документке ылайык, жогорку ылдамдыкта айдоо, ашып өтүү эрежелерин сактабоо, каршы тилкеге чыгуу жана мас абалында рулга отуруу үчүн катуу жаза каралат. Айдоочулук күбөлүк алты айдан кем эмес убакытка алынат.
Эгер айдоочу бир жылда эки же андан көп ирет төмөнкү жол эрежелерин бузса, айдоочулук күбөлүгүн алып коюу сунушталууда:
Эреже бузуу кодексинин 192-беренесинин 4-бөлүгү — жол кырсыкка катышкан айдоочу окуя болгон жерден кетип калса;
193-берене — мас абалында унаа башкаруу, мас кишиге же унаа айдоого акысы жок кишиге автоунааны башкарууга берүү;
Айдоочулар 21*-бөлүмгө кирбеген эрежелерди үч же андан көп ирет бузганда ЖКККББ айдоочуну күбөлүгүнөн ажыратуу маселесин карайт.
Жол эрежесин билүү деңгээлин текшерүү сыяктуу кошумча эрежелерге баш ийбеген айдоочулардын дагы күбөлүгүн алып коюу маселеси каралат.
Айдоочулук күбөлүктү алып коюу майыптыгы үчүн автоунаа башкаргандарга тиешеси жок. Бирок бул жарандар дагы мас болуп же баңгизат колдонуп рулга отурбашы керек. Ошол эле учурда кырсык болгон жерден качып кетпеши кажет.
ИИМ Жогорку Кеңештен бул мыйзам долбоорун кезексиз карап берүүнү өтүнүүдө.
* 21-бөлүм. Кыймылдын коопсуздугун, автотранспорт менен электротранспортту эксплуатациялоо эрежелерин бузгандар.