БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркия тараптан Кыргыз-түрк достугу ооруканасынын башкы дарыгери болуп жаңы дайындалган Мете Хыдыроглуну оорукана жамааты менен тааныштырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Дарыгер, медкызматкерлер менен жолугушуу учурунда министр алардын калкка көрсөтүп жаткан сапаттуу медициналык кызматына ыраазычылык билдирип, ооруканага жаңы келген башкы дарыгерге ийгилик каалап өткөн.
Министрлик буга чейинки башкы дарыгер Озгюр Челебинин аткаруу мөөнөтү аяктаганын эске салып, анын Түркияга кеткенин кошумчалады.
"2022-жылдын 1-февралында саламаттык сактоо министри Осмоналы Масалиевди башкы дарыгердин орун басары кылып дайындаган", — деп жазылат билдирмеде.
Өкмөттөр аралык келишимге ылайык, аталган оорукананын башкы дарыгерин Түркиянын саламаттык сактоо министри, ал эми орун басарын Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги дайындайт.