Хакимходжаев Зуфар Шавкатович — өмүр баяны

Зуфар Хакимходжаев 1969-жылы 12-апрелде Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын "врач-уролог" адистиги боюнча аяктаган. 2007-жылы медицина илиминин кандидаты болгон.
Sputnik
Эмгек жолу:
1987-1989 ― Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1996-2000 ― Бишкек шаарынын №5 шаардык бейтапканасында врач-уролог;
2001 ― Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын урология жана андрология кафедрасында доцент.
Зуфар Хакимходжаев саламаттык сактоонун отличниги. Европа урология ассоциациясынын мүчөсү, "Мырзалар ден соолугу" коомунун төрагасы. Үй бүлөлүү, үч баланын атасы.