Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Мекендештердин көйгөйүн угат. Акыйкатчы институту Казакстанга барды

Алматы шаарынын прокурорунун орун басары азыркы тапта шаарда кармалган кыргыз жарандары жок экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Казакстандагы мекендештердин укугун жана кызыкчылыгын коргоп, маселесин чечүү үчүн Акыйкатчы институту менен Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрү Алматы шаарына барды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы кабарлады.
Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз тарап Алматы шаарынын прокурорунун орун басары Нурлан Ауганбаев менен жолугуп, Кыргызстандын жарандарына тиешелүү маселелерди сүйлөшкөн.
Ауганбаев Алматыда азыркы тапта кармалган кыргыз жараны жок экенин айтып, Чолпонбек Сыдыков менен Викрам Рузахуновдун иши боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын кошумчалаган. Делегациянын Казакстандагы кыргыз мигранттары менен да жолугары белгиленди.
"Эртең, 10-февралда, Тараз шаарында Казакстандын адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимова менен жолугушуу пландалган", — деп жазылат билдирмеде.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Таразда Кыргызстандын эки жараны кармалган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстанда дайынсыз болуп жаткан дагы бир кыргызстандык табылды. Сүрөт