БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында жайгашкан №47 Түзөтүү мекемесинин ыкчам кызматкери, капитан опузалап, пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"О.И.К. кызмат абалынан пайдаланып, коркутуп, №47 Түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан А.А.Х. аттуу адамдан акча талап кылганы аныкталган", — деп айтылган.
Маалыматта О.И.К. аттуу адам соттолгон адамдын эркине каршы башка түзөтүү мекемесине өткөрүп берем деп коркутуу менен №47 абактагы отурган башкалардын мүмкүнчүлүктөрү аркылуу 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын 28-январына чейин акча алып тургандыгы кабарланган.
УКМКдан кармалган капитандын аталган ведомствонун убактылуу кармоо жайына киргизилгендигин билдиришти.