Ибраймакунов Данияр Өмүрбекович — өмүр баяны

Данияр Ибраймакунов 1990-жылы 8-августта Бишкек шаарында туулган.
Sputnik
Жогорку билимдүү. 2013-жылы Москва шаарындагы Аскердик университеттин финансы-экономика факультетин аяктаган. 2009-жылы Россиянын Коргоо министрлигинин аскердик университетинин адъюнктурасын бүтүргөн.
2021-жылы Россиянын Коргоо министрлигинин аскердик университетинде диссертациялык ишин жактап, экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.
Эмгек жолу:
2013-жылдын июнь айынан тарта Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөп баштаган;
2014-2016 ― Улуттук гвардиянын №714 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн.
Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун атасы.