Жети жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык Россиядан экстрадицияланды

Чет мамлекеттен алып келинген шектүү буга чейин башка адамдар менен эки кишини сабаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кылмышка шектелип, жети жылдан бери издөөдө жүргөн Чүй облусунун тургуну Россиядан экстрадицияланды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, экстрадицияланган 29 жаштагы К.М. аттуу кишиге Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси ("Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү") жана 28-97-беренелери ("Киши өлтүрүүгө аракет кылуу") боюнча иш козголуп, издөө жарыяланган. Шектүү тергөө жана сот органдарынан качып жүргөн.
"2014-жылдын январь айында Аламүдүн районунда бир топ бала 1990-жылы жана 1989-жылы туулган эки жаранды катуу сабашкан. Жабырлануучулардын бири оор жаракат алып, өмүрүнө коркунуч келтирилгени аныкталган. Буга чейин аталган кылмышка шектелип алты киши кармалып, аларга айыбы угузулуп, иш сотко жөнөтүлгөн. Алардын ичинен эки адам качып кетип, кийин башка өлкөдөн табылган. Дагы бир 29 жаштагы К.М. аттуу шектүү жети жылдан ашык убакыт из жашырып жүрүп, 2021-жылдын жай мезгилинде Якутиядагы шаарлардын биринен колго түшүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү 2022-жылдын февралында өлкөгө экстрадицияланып, учурда тергөө абагына камакка алынганы кошумчаланды.
Радио
Мамыров: чет өлкөдө соттолгон кыргыз жарандарынын саны көбөйүүдө