Болотбеков Бакытбек Болотбекович — өмүр баяны

Бакытбек Болотбеков 1986-жылы 22-октябрда Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 2009-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын "жарандык укук" адистиги боюнча аяктаган.
Sputnik
Эмгек жолу:
2006-2010 ― Биринчи май райондук сотунда иш жүргүзүүчү, соттук отурумдардын катчысы, 1-категориядагы адис, судьянын жардамчысы;
2013- 2021 ― "ГРОН" ЖЧКсынын башкы директору;
2016-2021 ― "Мега ГРОН" ЖЧКсынын башкы директору;
2020-жылдын сентябрь айынан тартып "АИС Хоум" коммерциялык эмес кооперативинде башкаруучулуктун төрагасы.
III класстагы юрист.
Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.