Бишкектеги коомдук транспортто жоголгон буюмдар сакталчу бюро ачылды

Мындан ары коомдук транспорттон бирөөнүн буюмун таап алгандар атайын бюрого тапшыра алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жол-транспорт инфраструктура департаменти шаардыктар үчүн атайын бюро ачты. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган департаментке коомдук транспорттон буюмун жоготуп же таап алгандар көп кайрыла баштады. Мындан улам табылгалар үчүн бюро уюштурулду.
"Эгер сиз коомдук транспорттон кайсы бир буюмуңузду жоготуп же таап алсаңыз, департаментке кайрылып арыз таштап койсоңуз болот. Бул издөөнү кыйла жеңилдетет. Арызда унутулган же табылган буюмду сүрөттөп, маршруттун номерин, дарегин жана убактысын жазышыңыз керек", — деп айтылат маалыматта.
Шаардыктар мындай маселе боюнча 7-Апрель, А дарегине же 0502 205 202 WhatsАpр номерине кайрыла алышат.
Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол кире тарифин кайра карап жатат