Бейшембиге карата аба ырайы

10-февралга караган түнү Чүй өрөөнүнүн кээ бир райондорунда, Жалал-Абад жергесинин тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында, Ош облусунун тоолуу жерлеринде кар жаайт. Ал эми өлкөнүн айрым райондоруна туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көлдө -3...+2, Нарын аймагында -5...-10 градус суук болот.
Бишкекте түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жааса, Ошто жаан-чачын болбойт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +2... +4 жана Ошто +6...+8 градус болору болжолдонду.
Февралда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин маалыматы