Бакиров Бакыт Жээнтайович — өмүр баяны

Бакыт Бакиров 1970-жылы 25-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2000-жылы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин "инженер-куруучу" адистиги боюнча аяктаган.
Sputnik
Эмгек жолу:
1988-1990 ― Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1991-1996 ― Ички иштер министрлигинде иштеген;
1996-2007 ― Кум-Арык пахта тазалоочу заводунда экспедитор, бөлүм башчы, директордун орун басары;
2008-2009 ― Коргоо министрлигине караштуу БКЭЧ жетекчисинин жардамчысы;
2018-жылдан тартып Бишкек мэриясынын Свердлов районуна караштуу № 20 муниципалдык аймактык башкармалыгында аксакалдар сотунун төрагасы;
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.