Кадрдан Арктиканын түнкү асманында түндүк жаркырактын жалт-жулт этип чагылып жатканын көрүүгө болот.
"Видео ылдамдатылбай, реалдуу убакытта тартылды. Авроранын асмандагы бийи", — деп жазган автор.
Ал кадрлар Мурманскиден 40 чакырым алыстыкта тартылганын белгиледи.
Арктикада түндүк жаркырактын маалы сентябрдан майга чейин созулат. Мындай кубулуш күн менен түн теңелчү мезгилге жакындаганда көбүрөөк кездеше баштайт. Дал ушул маалда сейрек табигый кубулуштарга туристтер арбын тартылат.
Тема боюнча: