Эмгек жолу:
Эмгек жолун маалымат, билим берүү жана маданият тармагындагы коомдук бирикмелерде иштөөдөн баштаган. Бир катар ЖМКларда эмгектенген. Кыргызстан студенттер союзунун маалымат кызматын жетектеген.
1999-2001 ― Кино үйүндө директордун орун басары, Кыргыз кинематографисттер союзунда продюсер;
2001-2005 ― Москванын Кино үйүндө КМШ кинематографисттер союзунун КМШ кинофоруму боюнча менеджер (Россия);
2013-2015 — "Нарисан ДИГ" ЖЧКсынын директору;
2014 ― "Аялдар саясатта" маалыматтык саясат концепциясынын автору, Кыргызстанда адам укуктары боюнча альтернативалуу маалыматты иштеп чыгууда эксперт катары эмгектенген;
2015 ― Бишкек шаарынын мэринин коомдук кеңешчиси;
2015-2017 ― Бишкек шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси;
2017 ― Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын коомдук кеңешчиси;
2018-2020 ― Бишкек шаарынын мэринин коомдук кеңешчиси.
Орус философиясы коомунун жана Америка философиясы коомунун мүчөсү, "25-кадр" журналынын негиздөөчүсү, Кыргызстандын Кендо жана иайдо федерациясынын мүчөсү.