Абдыразакова Айжан Улановна — өмүр баяны

Айжан Абдыразакова 1989-жылы 27-декабрда Казакстандын Алматы шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 2013-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Sputnik
Кошумча билимдери:
2010 ― "Интерньюс" журналистика мектебинде радио жана теле алып баруучу багытында билим алган;
2018 ― Эл аралык LSL Language Studies International мектебин англис тили боюнча аяктаган;
2019 ― Москва шаарындагы Синергия университетинде Executive MBA багыты боюнча билим алып, Киевдеги Высоцкий атындагы бизнес-мектебин "бизнести системалаштыруу" багыты боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2007 ― АКШнын Кыргызстандагы Тынчтык корпусунун билим берүү борборунда котормочу;
2011-2012 ― Коомдук телерадиоберүү корпорациясында кабарчы, редактор, теле алып баруучу;
2012-2013 ― НТС телеканалында редактор;
2013 ― "FINCA банкта" PR-менеджер;
2015 ― BeSmart.KG компаниясында контент-менеджер;
2015-2016 ― Жаштарды өнүктүрүү институтунда PR-менеджер;
2016-2017 ― Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияда медиа-эксперт;
2017-2018 ― "Жебе" маалымат агенттигинде аткаруучу директор;
2019 ― "5-каналдын" жаңылыктар бөлүмүндө редактор;
2019 ― Elite House курулуш компаниясынын PR директору, башкы директордун өнүктүрүү боюнча орун басары;
2020 ― "Билерик" гендердик толеранттуулук коомдук фондунун негиздөөчүсү;
2022 ― Rayan Buildng курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору.
Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.