Радио

Токтосунова: зомбулукка кабылган балдардын саны улам көбөйүүдө

Акыйкатчы институтунун балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунова жылдан-жылга зомбулукка кабылган балдардын саны өсүп жатканын айтты.
Sputnik
2021-жылы Акыйкатчы институтунун бөлүмүнө балдар 200дөн ашуун үй-бүлөлүк маселелер боюнча арыз келип түштү. Алардын ичинде балдар укугу боюнча да даттануулар бар. Мындан тышкары, аймактардагы бөлүмдөргө да кайрылгандар бар. Бул тууралуу Наиля Токтосунова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылы бул көрсөткүч 170ке жеткен.
"Балдардын ур-токмокко алынышы, зомбулуктун түрдүү ыкмаларына кабылган учурлары республика боюнча жылдан-жылга көбөйүүдө. Мунун бир себеби катары интернетке бул тууралуу маалыматтар мурдагыдан көп тарап жатканын айтсак болот. Ушуну менен катар эле тикелей бизге арыз менен кайрылган учурлардын да саны өсүүдө. 2021-жылы 200дөн ашуун арыз, даттануу болду. Бул Бишкек шаары боюнча эле келип түшкөн кайрылуулар. Аймактарда өзүнчө санак жүргүзүлөт. Тилекке каршы, бала ур-токмокко алынган учурда мамлекеттик органдарга чейин жеткирип, анын укугун коргоюн деген ата-энелер дагы деле аз. Зомбулук үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири тарабынан көрсөтүлгөн учурда көбүнесе ошол боюнча эле көйгөй жабылып калууда", — деди Токтосунова.
Ал аталган институтка келип түшкөн арыздардын көбүн алимент маселеси түзөрүн кошумчалады.