Белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева дүйнө салды

Маркумду акыркы сапарга узатуу тууралуу маалымат кийинчерээк берилери кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева 75 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Жылдыз Малдыбаева — кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч композитор, профессор, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл артисти, "Даңк" медалынын ээси жана билим берүүнүн отличниги.
Ал 1946-жылы 6-июлда Фрунзе шаарында төрөлүп, Шубин атындагы музыкалык мектепти жана Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. Музыка жаатында бир катар эмгектерди жараткан. Жылдыз Малдыбаева — СССРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев жана Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Батипа Малдыбаеванын кызы.
Маркумду акыркы сапарга узатуу тууралуу маалымат кийинчерээк берилери кошумчаланды.
Окуу үчүн Алматыга жөө жеткен. Композитор Абдылас Малдыбаев жөнүндө 8 факты