Кыргызстандын Россиядагы элчисинин ишеним телефону түзүлдү

Жардамга муктаж болгондор күнү-түнү байланыша алышат. WhatsApp тиркемеси аркылуу дагы билдирүүлөрдү жөнөтүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчисинин ишеним телефону түзүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мунун негизги максаты — оор турмуштук кырдаалга туш болгон, Кыргызстандын жарандары болуп саналган аялдарга жана жаш балдарга укуктук, консулдук колдоо көрсөтүү.
Жардамга муктаж болгондор +7 (996) 665 – 76 – 88 номери аркылуу күнү-түнү байланыша алышат. Ушул эле номерге WhatsApp аркылуу билдирүүлөрдү жөнөтүүгө болот.
Жапаров парламент жактырбай койгон Кадыркуловду элчиликке дайындады. Себеби