DAF менен кагышкан. Ысык-Атада кырсыктан 22 жаштагы жигит көз жумду. Сүрөт

Кырсыктан эки адам жабыркаганы, алар Ысык-Ата райондук ооруканага жеткирилгени кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ысык-Ата районунда жол кырсыгы катталып, 22 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Билдирмеге караганда, кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 29-чакырымында болгон

2 / 2

Анда DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Toyota Prius үлгүсүндөгү жеңил көлүк кагышып, кырсыктын кесепетинен жеңил автоунаанын 22 жаштагы айдоочусу көз жумган.

Билдирмеге караганда, кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 29-чакырымында болгон. Анда DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Toyota Prius үлгүсүндөгү жеңил көлүк кагышып, кырсыктын кесепетинен жеңил автоунаанын 22 жаштагы айдоочусу көз жумган.
"Ушул эле автоунаадан И.Х. жана Л.А. аттуу эки эркек киши жабыркаган. Жерине төрт куткаруучу тартылып, каза болгон эркектин сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми жабыркагандар Тез жардам кызматы аркылуу Ысык-Ата райондук ооруканага жеткирилгени кошумчаланды.
Ысык-Көлдө машина көпүрөдөн кулап, бир киши каза болду
Көбү жол белгисин билбейт. Өткөн жумада 18 миң ирет жол эрежеси бузулду