Токмокто сойкуканага айланган сауналар табылып, 13 аял кармалды

Буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция 8-февраль күнү ыкчам издөө иштерин жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Токмок шаарындагы сауналардын биринде 13 сойку кармалды. Алар менен биргеликте ишти уюштурган деп шектелген эки аял милиция бөлүмүнө жеткирилгенин Чүй облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция 8-февраль күнү ыкчам издөө иштерин жүргүзгөн. Сойкукана уюштурулду делген үч сауна табылып, анын биринен 13 аял кармалган.
"Алардын курагы 24 жаштан 39 жашка чейин. Булардан тышкары, уюштуруучу деп шектелген 66 жана 51 жаштагы эки аял милиция бөлүмүнө жеткирилди. Ошол эле саунадан курал жана электрошокер табылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш уланып, мындай ишмерлик менен алектенген башка мончолорду аныктоо иштери жүрүп жатат.
Ош: жарым миллион сомдук сөйкө-шакек уурдалган. Эки улан кармалды. Сүрөт