БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Шаршембиде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде катуу жамгыр төгүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде -4...+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +1...+6, Ысык-Көл чөлкөмүндө -2...+3, ал эми Нарын аймагында -3...-8 градус суук болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 0...-2 жана Ош шаарында +2...+4 градуска жетет.
Жолдордо муз тоңуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.