Шарджа — Ош түз аба каттамы ачылды

G9 886 рейсин Airbus A320 учагы аткарат. Самолет жума жана жекшемби күндөрү каттайт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. 20-феврладан тарта БАЭдеги Шарджа эмирлигинен Ошко түз каттаган авиарейс ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Расписаниеге ылайык, G9 886 рейсин Airbus A320 учагы аткарат. Самолет жума жана жекшемби күндөрү саат 21:45те (жергиликтүү убакыт боюнча) "Шарджа" эл аралык аэропортунан чыгып "Ош" аба майданына саат 03:15те (жергиликтүү уюакыт боюнча) конот.
Ал эми дүйшөмбү жана жекшемби күндөрү учактар "Ош" аэропортунан саат 04:25те Шарджага жөнөп, 18:25те (жергиликтүү убакыт боюнча) жетет.
Air Arabia авиакомпаниясы 2009-жылдын 9-сентябрында Шарджа эмирлигинде (БАЭ) негизделген жана баш кеңсеси ошол жакта жайгашкан. Жүргүнчүлөрдү ташуу рыногунда иш алып барган арзан авиакомпания болуп саналат. 2019-жылдын 4-июлунда Кыргызстандын борбору Бишкекке биринчи рейсин ачкан.
Пресс-борбор
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда