Россияда педофилдерди өмүр бою эркинен ажыратуу мыйзамы күчүнө кирди

Мындай жаза жашы жете элек балдарды зордуктагандарга, аталган кылмышка бир нече ирет баргандарга колдонулат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Россияда педофил-рецидивисттерди өмүр бою эркинен ажыратуу мыйзамы күчүнө кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Telegram-каналына жазды.
Анын айтымында, мындай жаза жашы жете элек балдарды зордуктагандарга же мындай кылмышты бир нече ирет жасаганы үчүн соттолгон адамдарга колдонулат.
Ошондой эле Володин бул мыйзамдын дагы да кемчиликтери бар экенин айтып, толуктоо иштерин улантуу керектигин белгилеген.
"Мисалы, жакында эле 13 жаштагы кызды бир нече жолу зордуктаган педофил 3,5 жылдык жалпы колониядагы режимге кесилди. Ушуну адилеттүүлүк десе болобу? РФ Кылмыш-жаза кодексинин 134-беренесинин 3-бөлүгүндө 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бул педофилдерге жеңил жаза берилип калган биринчи окуя эмес", — деп кайрылган Володин.
Россия президенти Владимир Путин педофил-рецидивисттерди өмүр бою эркинен ажыратуу мыйзамына 28-январда кол койгон.
Ага ылайык, төмөнкү кылмышка баргандар өмүр бою эркинен ажыратылат:
18 жашка чыга элек балдарды (мурда 14 жашка чейин) кордогон педофил-рецидивисттер;
эки же андан ашык баланы зордуктагандар;
оор жана өзгөчө оор кылмыштарга кирген зордуктоо.
Жашы жете элек балдарды зордуктагандардын жазасын күчөтүү демилгеси өткөн жылдын сентябрында Кемерово облусунун Киселевск шаарындагы трагедиядан кийин көтөрүлгөн. Анда мурда педофилия беренеси менен соттолгон 41 жаштагы Виктор Пестерников 10-класста окуган эки кызды зордуктап, кийин өлтүрүп койгон.
Бычып салуу. Жакынкы чет өлкөлөрдө педофилдер кандай жазаланат