Жаздагы сел, жер көчкү: ӨКМ башчысы алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды

ӨКМдин соңку маалыматы боюнча, Кыргызстанда табигый кырсыктын ыктымалдуулугу күч аймакта 3 859 үй-бүлө жашайт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев сел жана жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарды көзөмөлгө алууну тапшырды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев сел жана жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарды көзөмөлгө алууну тапшырды

2 / 2

Министрликте аппараттык кеңешме өткөрүлгөн. Жыйындын жүрүшүндө министр Ажикеев тиешелүү башкармалыктын башчыларына сел, суу ташкындарын алдын алуу, өрт коопсуздугу жана кооптуу аймактагы жашап жаткан калк арасында түшүндүрүү иш-чараларын күчөтүү талабын койгон

Министрликте аппараттык кеңешме өткөрүлгөн. Жыйындын жүрүшүндө министр Ажикеев тиешелүү башкармалыктын башчыларына сел, суу ташкындарын алдын алуу, өрт коопсуздугу жана кооптуу аймактагы жашап жаткан калк арасында түшүндүрүү иш-чараларын күчөтүү талабын койгон.
"Өлкө аймагында сел, суу ташкыны, жер көчкү жана башка табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча атайын иш пландар түзүлүп, өз убагында коргоо жумуштары жүргүзүлсүн. Күч-аракеттер даярдыкка келтирилип, табигый кырсыктарды алдын алууда "атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" иш-чарасы жүргүзүлсүн", — деген Ажикеев.
Ошондой эле чукул кырдаалдарда министрликтин күч жана каражаттарынын даярдыгы талкууланган.
"Жарандардын өмүрүн жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сел, жер көчкү жана башка процесстер жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүлүп, көзөмөлгө алуу керек", — деген министр.
Белгилей кетсек, жаз айларында табигый кырсыктардын кооптуулугу күч.
ӨКМдин соңку маалыматы боюнча, Кыргызстанда табигый кырсыктын ыктымалдуулугу күч аймакта 3 859 үй-бүлө жашайт. Министрлик бул жактарда турмуш кечирүүгө болбойт деген корутунду чыгарып, тургундарга көчүп кетүү керектигин эскертип келет.
Табият албууттанганда. Кыргызстандагы жүрөк үшүн алган жаратылыш кырсыктары