Радио

Тажиматов: маалымат айдыңында мамлекеттик тилдин ордун бекемдөө зарыл

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Санжарбек Тажиматов конституциялык реформанын алкагында өткөн жылы "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам демилгеленгенин белгиледи.
Sputnik
Маалымат мейкиндигинде мамлекеттик тилдин ордун бекемдөө зарыл. Анткени ааламдашууга байланыштуу бул тармакта айрым көйгөйлөр кездешүүдө. Бул тууралуу Санжарбек Тажиматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тийиштүү мыйзам иштелип чыгып экспертиза жүргүзүлүүдө.
"Мыйзам кабыл алынгандан бери өлкөдө тилдик кырдаал бир топ өзгөрдү. Ошого байланыштуу жана мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү максатында конституциялык мыйзам иштелип чыкты. Анда теле жана радио эфирлердин 70 пайызы мамлекеттик тилде болуусу жазылган. Бир катар талкуулардан кийин бул көрсөткүчтү 60-65 пайызга түшүрүү каралууда. Анткени контент маселесинде көйгөй жаралып калуу ыктымалдыгын журналисттер айтып жатышат. Ошентсе дагы эфирдин 50 пайыздан кем эмеси мамлекеттик тилде болушу керек деген мурдагы нормадан айырмачылык болот. Себеби ааламдашууга байланыштуу маалымат мейкиндигинде мамлекеттик тилди колдонуу бир кыйла маселелерди жаратууда. Ошондуктан келечек муун үчүн мамлекеттик тилдин ордун бекемдөө зарыл", — деди Тажиматов.
Ошондой эле ал мыйзам долбооруна сунуш, сын пикирлерди эске алуу менен толуктоолор киргизиле турганын кошумчалады.