Пресс-борбор

Кыргызстандыктар Түркиядан айына 100 млн. долларга зер буюмдарды сатып алат

Улуттук банк алтынды Лондон биржасынан да кымбат саткандыктан жергиликтүү зергерлер баалуу металлды Түркиядан сатып алууга аргасыз болуп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстандыктар Түркиядан бир айда зер буюмдарды 100 миллион долларга сатып алат. Бул тууралуу Зергерлер жана ишкерлер бирикмесинин президенти Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, Улуттук банк алтынды Лондон биржасынан кымбат сатат. Мындан улам зер буюмдарды даярдоо жана өндүрүү пайда алып келбей калат. Ишкерлерге алтынды Түркиядан алган арзан түшөт.
Зергерлер жана ишкерлер бирикмесинин президенти Сталбек Акматов (ортодо)
"Өзүбүздө алтын турса акчаны Түркиянын экономикасына салып жатабыз. Түркиянын соодасын жүргүзүп, өндүрүшүн көтөрүүдөбүз. Бир жыл ичинде зер буюмдарды сатып алуу үчүн Түркияга 500-700 миллион доллар которобуз. Соода жакшы жүрүп калган кезде айына 100 миллион доллар, эң аз дегенде 10-20 миллион доллар жөнөтөбүз", — деди Акматов.
Ал ошондой эле зергерлер Кыргызстандын аймагынан алынган баалуу металлдарды колдонууга кызыкдар экенин кошумчалады.
Пресс-борбор
Кумтөрдүн алтыны кол жеткис! Зергерлер жаңы мыйзам долбооруна нааразы
Радио
Акматов: зергерлик ишинин 80%ы көмүскө рынок аркылуу жүрөт