Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматовго козголгон кылмыш иши токтотулду

Айыпталуучунун жактоочулары январь айында ишти токтотууну өтүнүп сотко кайрылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматовго карата козголгон кылмыш ишин токтотту.
Соттон билдиргендей, айыпталуучунун жактоочулары январь айынын соңунда кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу козголгон ишти токтотууну өтүнүшкөн.
Суракматов тергөө менен кызматташуунун алкагында мамлекетке келтирилген чыгымды (170 миллион сом) төлөп бергени белгиленди. Сот жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырган.
Эске салсак, Бишкектин мурдагы мэри Суракматов мыйзамсыз баюу жана коррупцияга айыпталган. Ал ошондой эле тууганы менен биргеликте борбор калаанын түштүк бөлүгүнүн эң кымбат аймагынан 15 гектар жерди жеке менчигине өткөрүп алганы айтылган.
Мындан тышкары, Бишкектин ар кайсы бөлүгүнөн жер участокторун узак мөөнөткө ижарага алып, туугандарына, аффилирленген тараптарга каттаткан деп маалымдалган.
Көлдө кымбат 83 объектини менчиктеп алышкан. УКМК коррупциялык схеманы тапты