Радио

Баканов: россиялык эки чоң IT-компания келип презентация өткөрдү

Маалыматтык коопсуздук жана IT-инфраструктураны өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Баканов Кыргызстан менен Россиянын IT-тармагындагы кызматташуусу жөнүндө айтып берди.
Sputnik
Маалыматтык коопсуздук жана IT инфраструктураны өнүктүрүү ассоциациясы "АСВ" жана Sitronics Group деген россиялык IT-иштеп чыгуучулардын эки презентациясын өткөрдү. Бул РФтин алдынкы программалык камсыздоону иштеп чыгуучулары, рынокто 27 жылдан ашуун убакыттан бери иштейт. Ага өлкөдөгү байланыш операторлору, ошондой эле IT-адистери катышты. Бул тууралуу Айбек Баканов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан маалымат технологиясы жаатында Россиянын тажрыйбасын өздөштүрүп, жигердүү кызматташууда.
"Россиялык кесиптештер байланыш операторлордун иш процессин жана активдерин эффективдүү башкарууга, эсептешүү операцияларын (биллинг) жүргүзүүгө жана электрондук документ жүгүртүү системасын киргизүүгө мүмкүндүк берген инновациялык продукцияларын көрсөтүштү. Бул ишти бир калыпка келтирип, чыгымдарды олуттуу кыскартууга жардам берет жана кызматтардын баасына да таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле Россиядан маалымат коопсуздугу, анын ичинде маалыматтарды сактоо жана башка көптөгөн аспектилер жаатындагы тажрыйбаны үйрөнүүнү көздөп жатабыз", — деди Баканов.
Ал Маалыматтык коопсуздук жана IT-инфраструктураны өнүктүрүү ассоциациясы түзүлгөнүнө бир жыл болгонун, биримдик мамлекеттик органдар менен мыйзам жазуу жаатында иштешип, стартаптарга жардам берерин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: