БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 1-апрелден тарта бюджеттик сферада иштеген кызматкерлердин айлыгы көбөйөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкектеги Түндүк РЭСтин ачылышында билдирди.
Ал мугалимдердин, милиционерлердин жана энергетиктердин айлыгын көтөрүү пландалып жатканын эске салды.
Буга чейин министрлер кабинети быйыл пенсия менен жөлөк пул 50 пайызга өсө турганын билдирген. Ошондой эле бюджеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү пландалып жатканы айтылган.
Түндүк РЭСтин өндүрүштүк базасынын курулушу 2021-жылдын октябрында башталып, үч айда бүткөрүлгөн. Анын курулушу толугу менен "Түндүк электр" ААКнын эсебинен жүргүзүлдү.
РЭС Дэн Сяопин, Фучик, Жибек Жолу проспекти жана Профсоюз көчөлөрү чектешкен аймакты, Түндүк айланма жолунун аймагын тейлейт. Андан тышкары, Достук, Аска-Таш, Көлмө, Жеңиш, Ак-Босого, Хабитат, Ак-Тилек, Красный строитель, Келечек, Мурас-Ордо, Калыс-Ордо, Нуркожо Ата, Дордой, Эне-Сай жаңы конуштарынын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен камсыз кылат.