Кыргызстанда 1-мартты адвокаттар күнү деп белгилөө сунушталууда

Юстиция министрлигинен билдиргендей, быйыл Кыргызстанда адвокаттык кесиптин түптөлгөнүнө 97 жыл болот. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда жактоочулардын алгачкы коллегиясы 1925-жылдын 1-мартында өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Юстиция министрлиги 1-мартты расмий түрдө жактоочулар күнү катары белгилөөнү сунуштап жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдирди.
Маалыматка караганда, быйыл Кыргызстанда адвокаттык кесиптин түптөлгөнүнө 97 жыл болот.
"Бул тууралуу архивдик документтерде айтылган. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда жактоочулардын алгачкы коллегиясы 1925-жылдын 1-мартында өткөн. Архивде 1924-1926-жылкы облустук соттордун протоколдорун көрүүгө болот", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда Юстиция министрлиги КР Адвокатурасы менен биргеликте 1-мартты жактоочулар күнү деп белгилөөнү демилгелегени жатат.
Юстиция министрлиги 138 мыйзамды жокко чыгарууну сунуштады