WhatsApp аркылуу жалган билдирүүлөр тарап жатат! МИКтин эскертүүсү

Компания арызды кабыл алуу толугу менен автоматташтырылганын айтып, бул процесске эч ким кийлигише албай турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компания соцтармак, мессенжер аркылуу алдамчылар тобунун жалган маалыматтары тарап жатканын айтып, элди аларга ишенбөөгө чакырды.
"Акыркы учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниядан "арыздарыңарды өткөрүп берем", "кезегиңерди жылдырып берем", "банктан акча алууга жардам берем" деген билдирүүлөр элдин WhatsApp номерлерине, мессенжерлерине тарап жатат. Бирок бул чындыкка дал келбейт. Урматтуу кыргызстандыктар, мындай шылуундарга акча берип алданбаңыздар! Эгер андайларга туш болуп калсаңыздар бизге кабарлап койгула", — деп айтылат маалыматта.
Компания арызды кабыл алуу толугу менен автоматташтырылганын айтып, бул процесске эч ким кийлигише албай турганын эскертти.
"Бул система коррупциялык схемаларга жол бербөө үчүн атайын жасалган. Арыздарды текшерүү жана верификация процедурасына 2-3 айга чейин убакыт талап кылынат. Арыз толук толтурулуп МИКтин кароосуна келгенден кийин мамлекеттик органдарга сурам жөнөтүлүп, жообун күтөбүз", — деген компания.
МИК ортодон чыга калган шылуундарга жөн жерден акча берип, алданып калбоого чакырды.
Жапаров менен Ташиевдин жакындарыбыз деген шылуундар кармалды. УКМК видеосу